Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1233 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 789, Ош – 44, Чүй облусу – 139, Ош облусу – 32, Талас облусу – 9, Нарын облусу – 13, Ысык-Көл облусу – 35, Жалал-Абад облусу – 83, Баткен облусу – 89 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 133 миң 303 адамга жетти.
Соңку суткада 8 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарында, үчөө Ысык-Көлдө, Баткенде бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 54 адамды түздү.












