Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1291 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 939, Ош – 17, Чүй облусу – 129, Ош облусу – 21, Талас облусу – 18, Нарын облусу – 26, Ысык-Көл облусу – 52, Жалал-Абад облусу – 15, Баткен облусу – 74 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 151 миң 607 адамга жетти.
Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун алтоо Бишкекте, Чүйдө эки, Таласта бир, Баткенде бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 196 адамды түздү.