Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1292 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 720, Ош – 38, Чүй облусу – 196, Ош облусу – 31, Талас облусу – 16, Нарын облусу – 23, Ысык-Көл облусу – 49, Жалал-Абад облусу – 101, Баткен облусу – 118 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 142 миң 270 адамга жетти.
Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун жетөө Бишкек шаарында, Чүй , Ош, Ысык-Көл облустарында бирден өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 123 адамды түздү.












