Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1392 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 803, Ош – 78, Чүй облусу – 197, Ош облусу – 60, Талас облусу – 20, Нарын облусу – 17, Ысык-Көл облусу – 37, Жалал-Абад облусу – 97, Баткен облусу – 83 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 126 миң 395 адамга жетти.
Соңку суткада 9 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун бешөө Бишкек шаарында, экөө Баткенде, Чүйдө жана Жалал-Абадда бирден өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 9 адамды түздү.












