Акыркы суткада 205 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 205 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 123, Ошто — 2, Чүйдө — 26, Ош облусунда — 3, Таласта — 3, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 23, Жалал-Абадда — 10, Баткенде — 13 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 198 миң 316 адамга жетти.

Соңку суткада 4 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 880 адамды түздү.