Акыркы суткада 276 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 276 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 164, Ошто — 3, Чүйдө — 41, Ош облусунда — 4, Таласта — 4, Нарында — 6, Ысык-Көлдө — 29, Жалал-Абадда — 12, Баткенде — 13 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 198 миң 111 адамга жетти.

Соңку суткада 4 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 876 адамды түздү.