Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 459 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 178, Ошто — 122, Чүйдө — 3, Ош облусунда — 46, Таласта — 4, Нарында — 10, Ысык-Көлдө — 11, Жалал-Абадда — 64, Баткенде — 21 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 110 миң 829 адамга жетти.
Соңку суткада 9 киши оорудан каза болду. Бишкек алты, Чүй облусунда бир, Ысык-Көл облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 899 адамды түздү.












