Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 46 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 19, Чүйдө — 10, Ошто — 4, Ысык-Көлдө — 5, Нарында — 1, Жалал-Абадда — 5, Баткенде — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 184 миң 552 адамга жетти.
Соңку суткада 1 адам көз жумду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 798 адамды түздү.









