Азамат Эсенбеков президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен БШКга кайрылды
27-октябрда Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрга чейин белгиленген.