Акыркы суткада 479 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 479 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 289, Ошто — 7, Чүйдө — 101, Ош облусунда — 18, Таласта — 8, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 16, Жалал-Абадда — 22, Баткенде — 16 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 197 миң 81 адамга жетти.

Соңку суткада 4 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 862 адамды түздү.