6-апрелге карата коронавирус жуктурган 124 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 77, Чүй облусунда – 43, Нарында — 3, Ош облусунда — 1 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде илдеттен 2 бейтап көз жумду. Адам өлүмү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 89 миң 277 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 509 адам өмүрү менен кош айтышты.











