Abank july
SerepTV Logo

ДКО-2026: Ысык-Көлдөгү спорттук объекттер иш-чараларды өткөрүүгө даяр

ДКО-2026: Ысык-Көлдөгү спорттук объекттер иш-чараларды өткөрүүгө даяр

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук мелдештер 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусундагы беш негизги локацияда өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы спорттук локациялары:

Чолпон-Ата шаарындагы ипподром: улуттук ат чабыштар жана оюндардын жабылыш аземи өтөт.

«Көк бөрү» аренасы: көк бөрү, эр эңиш, тыйын эңмей жана көкпар боюнча мелдештер өтөт.

«Газпром» (Чолпон-Ата шаары): улуттук күрөш түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

Кырчын жайлоосу: ордо, узак аралыкка ат чабыш, күч спортунун түрлөрү жана салбуурундун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

«Евразия» мейманканасы: улуттук интеллектуалдык оюндар (тогуз коргоол, овари, мангала) боюнча мелдештер өтөт.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында мелдештер жалпысынан спорттун 42 түрү боюнча өткөрүлөт. Аларга Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн келген спортчулар катышат.

SEREP MEDIA