29-мартка карата коронавирус жуктурган 71 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 53, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 11, Ысык-Көлдө — 5, Жалал-Абадда — 1 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде илдеттен 2 бейтап көз жумду. Адам өлүмү Бишкек шаарында катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 88 миң 163 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 497 адам өмүрү менен кош айтышты.











