23-февралга карата коронавирус жуктурган 72 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 17, Чүй облусунда – 47, Ош облусунда — 1, Ысык-Көлдө – 3, Жалал-Абадда – 1, Нарында — 1, Баткенде — 2 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде оорудан 2 бейтап көз жумду. Адам өлүмү Бишкек шаарында катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 86 миң 1 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 460 адам өмүрү менен кош айтышты.












