Бөйрөктү бекер алмаштыруу операциясы боюнча кимге кайрылууга болот? Саламаттыкты сактоо министрлиги операция тууралуу суроолор болсо кайрыла турган дарыгерлердин телефон номерлерин жарыялады.
Бөйрөктү трансплантациялоо боюнча координатор Мээрзат Касымалиева — 0700 844407
Кыргыз-Түрк ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Мира Исаева — 0772 505652
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева — 0700627716
Улуттук кардиология жана терапия борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы Динара Айыпова — 0555 778792
«Гемодиализ менен ооруган бейтаптар» коомдук бирикмесинин өкүлү Санабар Матамова — 0778134738
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы бекер жүргүзүлөрүн билдирген. Ал донорду бейтап өзү табарын айтып, «операцияга кетүүчү 7-8 миң долларды өкмөт төлөп берет» деген.Муну Саламаттыкты сактоо министри да тастыктап, өлкөдө гемодиализ алган бейтаптардын саны 2 миңден ашарын айткан.