Abank_nov
SerepTV Logo

Ала-Арча капчыгайындагы бийик тоолуу көлдөрдүн абалы ӨКМдин көзөмөлүндө

Ала-Арча капчыгайындагы бийик тоолуу көлдөрдүн абалы ӨКМдин көзөмөлүндө
 
Ала-Арча капчыгайындагы бийик тоолуу көлдөрдүн пайда болушу жана көлөмүнүн көбөйүшү тууралуу илимий изилдөөнүн жарыяланышына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Ала-Арча капчыгайы тарыхый жактан бийик тоолуу жана мөңгү ичиндеги көлдөрдүн жарылуусунан улам сел жүрүү процесстери байкалган аймактардын катарына кирет. Мындай процесстерге өзгөчө Аксай жана Тез-Төр дарыяларынын өрөөндөрү көбүрөөк дуушар болот. 

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында министрликтин адистери илимий мекемелер менен биргеликте аталган аймактарга туруктуу комплекстүү мониторинг жүргүзүп келишет. Мониторингдин алкагында бийик тоолуу көлдөр учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен текшерилип, абадан байкоо жүргүзүү, талаа изилдөөлөрү, батиметриялык тартуулар жана спутниктик сүрөттөрдү талдоо иштери аткарылат. Өзгөчө көңүл Аксай, Адыгене жана Тез-Төр көлдөрүнө бурулат.

2023-жылы Аксай көлү жарылуу коркунучу боюнча биринчи категорияга киргизилген. Бирок кийинчерээк табигый суу агып чыгуучу каналдар аркылуу кооптуу көлөмдөгү суу агып чыгып, анын ашыкча толуп кетишине байланышкан коркунуч азайган. Ошондон бери көлдө кайрадан кооптуу деңгээлде суу топтолгон эмес. Адыгене көлүндө 2012-жылдан бери суунун деңгээлин жөнгө салууга арналган сифондук түзүлүш иштеп келет. Ал жыл сайын ишке киргизилет. Ошол эле учурда туруктуу эмес мореналык-мөңгүлүк көлдөр, анын ичинде Тез-Төр көлү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Мындай көлдөрдүн өзгөчөлүгү суунун кооптуу көлөмү бир сезондун ичинде эле топтолушу мүмкүн. Ошондуктан алардын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө зарыл.

2012-жылы Улуттук илимдер академиясынын адистери Тез-Төр көлүнүн жарылуу коркунучун эки жума мурда алдын ала божомолдошкон. Бул мүмкүн болуучу кесепеттерге алдын ала даярдык көрүүгө шарт түзгөн. Учурда ӨКМ бийик тоолуу көлдөргө мониторинг жүргүзүү боюнча системалуу иштерди улантууда. Аларды аралыктан көзөмөлдөө үчүн улуттук платформа иштелип чыгып, ишке киргизилген. Ал спутниктик сүрөттөрдүн негизинде көлдөрдүн аянтынын жана абалынын өзгөрүшүн байкоого мүмкүндүк берет. Потенциалдуу жарылуу коркунучу бар көлдөрдүн каталогу жыл сайын жаңыланып турат. ӨКМ бийик тоолуу көлдөрдүн жарылуу коркунучу менен байланышкан тобокелдиктер тиешелүү адистердин туруктуу көзөмөлүндө экенин белгилейт. Мындай жаратылыш процесстерине мониторинг жүргүзүү жана аларды өз убагында божомолдоо өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун маанилүү чаралары болуп саналат.
SEREP MEDIA