Abank_nov
SerepTV Logo

«Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге берилүүчү пенсиялык кошумча төлөмдү көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды

«Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге берилүүчү пенсиялык кошумча төлөмдү көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды
 
18-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Демилгечилер – депутаттар Камила Талиева, Марлен Маматалиев, Алтынбек Кудайбердиев, Уланбек Жаанбаев, Гүлнара Баатырова, Алишер Козуев, Жылдыз Эгенбердиева, Эдита Тайгараева, Жаныбек Абиров, Айгүл Ахмедова, Улукбек Карыбек уулу.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Камила Талиева белгилегендей, мыйзам долбоору көп балалуу энелерге мамлекеттик колдоону күчөтүү жана өлкөнүн демографиялык өнүгүүсүнө салым кошкон аялдардын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге берилүүчү пенсиялык кошумча төлөмдү көбөйтүү сунушталууда.

«Учурда «Баатыр эне» ордендери менен сыйланган энелерге, анын ичинде багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алган энелерге, пенсияга айына 1000 сомдук үстөк белгиленет. Бул сумма 2011-жылдан бери кайра карала элек. Учурдагы экономикалык кырдаалды жана негизги азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга жана дары-дармектерге болгон баалардын өсүшүн эске алганда, бул төлөм өзүнүн түрткү берүүчү жана колдоо көрсөтүүчү функциясын жоготту. Мыйзам долбоору мамлекеттик колдоо деңгээлин кайра карап чыгууну жана эсептик базалык өлчөмдүн 5000 пайызын түзгөн (айына 5000 сомго барабар) пенсияга кошумча төлөмдү белгилөөнү сунуштайт», – деди Камила Талиева.

Ошондой эле депутат мыйзам долбоорун үч окууда колдоо боюнча депутаттык топтордун тиешелүү чечимдери бар экенин белгиледи. Эл өкүлү жакында эле бул багытта Президенттин тиешелүү жарлыгы чыкканын эске салып, 2027-жылдын бюджетинде бул максаттарга болжол менен 1,5 млрд сом каралганын билдирип: «Ага ылайык, «Баатыр эне» ордени ыйгарылган 30 609 эне 2027-жылдын 1-январынан тартып ай сайын 5000 сом өлчөмүндө кошумча төлөм ала башташат», – деди Камила Талиева.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынды.
SEREP MEDIA