Ала-Арчада адашып калган 17 жаштагы өспүрүм куткарылды
28-ноябрда саат 18:59да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына Ала-Арча жаратылыш паркында 17 жаштагы өспүрүм, 2009-жылы туулган Т.Ю. аттуу жаран адашып, тоодон өз алдынча түшө албай жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Байланыш аркылуу өспүрүмдүн жайгашкан жери такталып, анын Комсомолец чокусуна баруучу жолдогу «Тепши» чекитинен жогору аймакта экени аныкталган. Саат 19:10до куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп, саат 20:34тө өспүрүмгө жетишкен. Натыйжада, саат 21:45те өспүрүм аман-эсен базага түшүрүлүп, андан соң милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Жарандын абалы канааттандырарлык болуп, медициналык жардамга муктаж болгон эмес.
ӨКМ эскертет: Жарандарды тоолуу аймактарга чыгууда абай болууга, аба ырайын алдын ала эске алууга жана өз мүмкүнчүлүктөрүн туура баалоого чакырат. Тоого жалгыз чыкпай, белгиленген маршруттан алыстабаңыз. Жашы жете элек өспүрүмдөрдү чоңдордун коштоосусуз тоого жөнөтпөңүз. Кооптуу кырдаалга туш болгон учурда 112 номерине кабарлаңыз.