Abank_nov
SerepTV Logo

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабы КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык кырдаалды карады

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабы КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык кырдаалды карады

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Нурбек Букуев жана Гүлбара Ишенапысованын төрагалыгы алдында курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын 2026-2027-жылдардагы эпидемиялык сезонго даярдыгы боюнча ыкчам штабдын жыйыны өттү.

Жыйынга баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын, тиешелүү саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү катышты. Отурумдун жүрүшүндө республикадагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын санынын динамикасы, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана көрүлүп жаткан алдын алуу чаралары тууралуу маалымат берилди.

Берилген маалыматтарга ылайык, 2026-2027-жылдардагы эпидемиялык сезондун башталышында ооругандардын саны акырындык менен өсүүдө. Тактап айтканда, ушул жылдын 46-жумасында ооругандардын көрсөткүчү мурунку 45-жумага салыштырмалуу 15,7%га жогорулаган. Буга байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана анын өзгөрүшүнө өз убагында чара көрүү зарылдыгы белгиленди.

Лабораториялык мониторингдин жыйынтыгы боюнча респиратордук инфекциялардын аныкталган козгогучтарынын арасында риновирустар (47%), парагрипп вирустары (22%), аденовирустар (13%), сезондук коронавирустар (10%), бокавирустар (6%) жана респиратордук-синцитиалдык вирус басымдуулук кылат. Ошондой эле билим берүү уюмдарындагы окуучулардын санынын көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Республика боюнча балдар арасында оорулардын көбөйүшүн өз убагында аныктоо жана зарыл болгон санитардык-эпидемияга каршы чараларды көрүү максатында мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын катышуусуна байкоо жүргүзүлүүдө.

Талкуунун жүрүшүндө медициналык уюмдардын кайрылуулардын жана ооруканага жаткыруулардын саны көбөйүшү мүмкүн болгон учурларга даярдыгы, медициналык кадрлар, дары-дармек каражаттары, медициналык жабдуулар жана керебет фондунун жетиштүүлүгү да каралды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы №1099 «2026-2027-жылдардагы эпидемиялык сезонго карата сасык тумоонун, курч респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу жана саламаттык сактоо уюмдарынын даярдыгын уюштуруу боюнча иш-чараларды күчөтүү жөнүндө» буйругунун аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду.

Буйрукка ылайык, бир катар уюштуруу жана алдын алуу иш-чаралары каралган. Алардын катарында:

·        Сасык тумоого, КРВИге жана COVID-19га карата эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү;

·        калктын медициналык жардамга кайрылуусуна, ооруканага жаткырууларга, керебет фондунун жана реанимация бөлүмдөрүнүн жүктөмүнө күн сайын мониторинг жүргүзүү;

·        дене табы жогорулаган жана респиратордук белгилери бар бейтаптарды кабыл алуу үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунда сорттоону уюштуруу;

·        стационарлардын кошумча керебеттерди ачууга даярдыгын камсыз кылуу, анын ичинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын керебет фондун этап-этабы менен 300 орунга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу;

·        медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары жана инфекциялык көзөмөл үчүн зарыл болгон каражаттар менен камсыз кылуу;

·        бейтаптардын абалына жана медициналык уюмдардын жүктөмүнө жараша КРВИ жана сасык тумоо менен ооруган балдарды медициналык мекемелерге багыттоо тартибин өркүндөтүү;

·        респиратордук инфекциялардын алдын алуу жана медициналык жардамга өз убагында кайрылуу боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү.

Ооруларды өз убагында аныктоо, зарыл медициналык жардам көрсөтүү жана инфекциялардын андан ары жайылышына жол бербөө максатында баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын, стационарлардын жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өз ара кызматташуусу иштин маанилүү багыты бойдон калууда.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча катышуучуларга эпидемиологиялык кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүүнү улантуу, каралган эпидемияга каршы иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жана медициналык уюмдардын оорулардын сезондук өсүшү шартында иштөөгө даярдыгын сактоо тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги КРВИ жана сасык тумоо күч алган мезгилде калктын эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу жана медициналык жардамдын өз убагында жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында бардык тиешелүү кызматтардын ишин координациялоону улантууда.

SEREP MEDIA