«Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат». Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 7- февралда саат 10:00дө Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Кыргыз Эл артисти, режиссёр Геннадий Базаров 6-февралга караган түнү көз жумду. Ал өткөн жылы 14-майда жакын санаалаштары, кесиптештеринин курчоосунда 80 жаш юбилейин белгилеген.