Бүгүн, 23-январда таң эрте Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө кайрадан улантылды. Аны издөөгө күндөгүдөй куткаруучулар жаана ИИМден тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.