Али Токтакунов: «Былыгы ачылып калган уурулар эркин медианы жаап, үнсүз кылганы жатышат»

Былыгы ачылып калган уурулар эркин медианы жаап, үнсүз кылып, бизди Түндүк Корея, Түркмөнстанга, Тажикстанга айландырууну көздөп жатат. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Али Токтакунов жөө жүрүштө айтты.

«Мага Кыргызстандын башка жерлеринен «мен бара албай калдым» деп жазып жатышат. Аларга рахмат. Талабыңарды айткыла, сабатсыз депутаттарга жетсин. Кол топтоп жаткан депутаттар жакшы түшүнүп алсын. Буга чейин журналисттердин белин бир топ президенттер да майтара алган эмес. Бүгүн алар кайсы жерде? Кыйын болбошсун! Андайлардын далайын көргөнбүз. Журналисттерге эрегиштирбегиле, оппозиция көрбөгүлө. Биз өз милдетибизди аткарып жүрөбүз», — деди ал.