«Дача-СУдагы авиакырсыкты иликтей турган коомдук комиссия түзгөн атабыз, курамына киресизби?» деп президенттик администрациядан чалышкан. Чынында Дача-СУ кырсыгын «Азаттык» бир топ жолу иликтеп, көп маалыматты орду ордуна койгон. Бирок дагы башка маалыматтарга, айрым документтерге албетте, журналисттердин колу жеткен эмес. Ошондуктан алигүнчө күмөндүү суроолорго жооп табылбай келет. Президенттик администрация бардык документтер силерге ачык болот, бардык органдар силерге ыкчам маалымат берет, калыс териштирүүгө жол ачылат деген соң макул болдум.
Нуржигит Кадырбеков: «Акжол, Мээрим, Жоламан, Айпери, Амантур, Мунарбек — баары кичипейил адамдар»
Экс-депутат Нуржигит Кадырбеков социалдык тармактагы баракчасына Олипиада оюндарында коло медаль жеңген Жоламан Шаршенбеков менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, пост жазды. "Руханий...