Abank_oct
SerepTV Logo

Алма импортуна 6 айга чектөө киргизүү сунушталууда

Алма импортуна 6 айга чектөө киргизүү сунушталууда
Айыл чарба тармагындагы ички өндүрүштү колдоо жана 2026-жылдагы алма түшүмүн өз убагында өткөрүүгө шарт түзүү максатында министрлик тарабынан алма импортун 6 айга убактылуу токтотуу боюнча демилге көтөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.

Учурда тиешелүү токтомдун долбоору даярдалып жатат. 2026-жылы Кыргызстанда болжол менен 179,4 миң тонна алма өндүрүлүшү күтүлүүдө. Республика боюнча мөмө берип жаткан алма бактарынын жалпы аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Демилгенин негизги максаты – 2026-жылдагы алма түшүмүн өз убагында сатууга жана продукциянын мүмкүн болгон жоготууларын азайтууга шарт түзүү. Алманын массалык жыйноо мезгилинде ички рынокко продукциянын көлөмү көбөйөт. Ушуга байланыштуу түшүмдү уюшкандыкта өткөрүү жана калкты жеткиликтүү баада алма менен камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ.

Сунушталып жаткан чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн сезондук түшүмүн өткөрүүгө шарт түзүүгө багытталган. Ошол эле учурда демилгени кароодо ички рыноктун алма менен камсыз болушуна жана продукциянын калк үчүн жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат. Алма импортуна убактылуу чектөө киргизүүнүн акыркы мөөнөтү жана колдонуу шарттары тиешелүү токтомдун долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча аныкталат.
SEREP MEDIA