Атамбаев: «Өтө ишенчээк болчу экем»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыгып, журналисттердин суроосуна жооп берди.

«Бийлик менен сүйлөшүү болдубу?» деген суроого төмөнкүдөй жооп берди. «Бул биздин бийлик, мен керек болсо, бүгүн сүйлөшөм же эртең да сүйлөшөм. Мен ар бир бийликке «күнөөм жок» деп айтып жатам. Менин күнөөм жок. Өтө ишенчээк болчу экем. Болгону ушул», — деди ал.

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөттү. Буга удаа эле санаалаштары абактын алдына чогулушту. Биринчи Май райондук соту экс-президентти дарылануу үчүн чет жакка чыгууга уруксат берди. Мурдагы өлкө башчысын Кой-Ташта үй-бүлөсү тосуп алууга даярданып жатканы маалымдалды.