Коңшу мамлекеттердин башчыларынын алдында бөжөңдөбөй башты бийик көтөрүп сүйлөшө билген гана жетекчи – ийгилик жарата алат. Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Камчыбек Ташиев ден-соолугуна карабай чек ара маселесин көзөмөлдөп, жеринен чечкени аракет кылганы өтө жакшы көрүнүш.
«Чек ара маселеси эң орчундуу маселе жана аны чечүү үчүн көп убакыт талап кылынарын бардыгыбыз жакшы билебиз. Камчыбек Ташиев ден-соолугуна карабай маселени көзөмөлдөп, жеринен чечкени аракет кылганы өтө жакшы көрүнүш.
Алмазбек Атамбаевдин чоң державалардын жетекчилери менен тең-ата сүйлөшө алгандыгын жанынан көрүп жүргөн жан сакчысы катары айтар элем, коңшу мамлекеттердин башчыларынын алдында бөжөңдөбөй, башты бийик көтөрүп сүйлөшө билген гана жетекчи — ийгилик жарата алат! Четтен карап сындабай Камчыбек Ташиевдин бул аракетин колдоп жардам берүүбүз керек! Бийликтин күчү элде, элдин күчү ушундай чыгаандарда!»,- деп жазды ал.










