Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева «Ала-Тоо» аянтында көргөзмө өткөрүп жатат (сүрөт, видео)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева «Ала-Тоо» аянтында «Ветер перемен» аттуу саясий репрессияга каршы көркөм кечесин өткөрүп жатат.

Ал буга чейин көргөзмө боюнча: «Мунун баары ойлордон башталды. Жашоомдун айрым жагдайлары мага алыстан көрүнгөн чоң сүрөттү тартуу каалоосун жаратты, аны менен бир күн көчөдө туруумду кааладым. Бир сүрөт жаралгандан кийин дагы сүрөттөр пайда болду, анан мен окуянын башка элементтери жөнүндө ойлоно баштадым. Согуш азыраак, искусство көбүрөөк болсун!» — деп жазган.

Алмазбек Атамбаев бүгүн 65 жашка толду. Буга чейин Кой-Таштагы үйүнө анын жакындары жана санаалаштары чогулушту.