Abank
SerepTV Logo

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын бошотулушун суранып жатышат

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын бошотулушун суранып жатышат

"Алмазбек Атамбаев пайгамбар жашына келип калды. Жок дегенде дарыланууга чыгаргылачы?". Бул тууралуу мурдагы президенттин тарапташы Алга Кылычов президент Садыр Жапаровго кайрылды.

"Эгер Кой-Таш окуясынын соту эле кармап турса, Сооронбай Жээнбековдун жомогу менен мен дагы Атамбаевден кийин эле үй камактамын. Калган тарапташтардын эч жакка кетпөө тил каты менен бошоттуңар. Аныңарга рахмат! Кой-Таш окуясы үчүн мен Алмазбек Шаршеновичтин түрмөдөгү ордуна дарыланып келгиче отура деле турайын. Ага деле макулмун. Улуу адам, жашын деле сыйлайлы. Айкөлдүк кылсаңыз, элдин батасын эле алат элеңиз", - деп жазды ал.