Кечээ, 10-июнда социалдык тармактарда жарыяланган видео боюнча президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымат беришти.
- 10-июнунда социалдык тармактарда Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатынын пляж аймагында агып жаткан суунун видеосу тараган.
«Ушул жылдын жаз айларында пансионаттын аймагында пляж зонасын реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн. Бул иштердин алкагында сел сууларын өткөрүүчү жаңы канал курулган. Аталган канал сел жүргөн учурда сууну өз нугунда өткөрүп, пансионаттын жана ага жанаша жайгашкан аймактардын суу каптоонун коркунучун азайтуу максатын көздөйт. Мурунку колдонулуп келген канал эскирип, коопсуздук талаптарына жооп бербей калган. Жаңы канал инженердик талаптарга ылайык курулуп, учурда эс алуучулар үчүн коркунуч жаратпайт»,- деп айтылат маалыматта.








