Сауд Арабиянын парламентинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Бүгүн, 22-ноябрда Сауд Арабия Падышалыгынын Мажлис Аш-Шурасынын (Парламентинин) төрагасы Абдулла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.
Ардактуу конокту «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров тосуп алышты. Расмий сапардын алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинен Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушуу пландаштырылган.