Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандан белгисиз мөөнөткө чыгып кетет

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандан белгисиз мөөнөткө кетип жатат.

Бейшеналиев журналисттерге билдиргендей, ал 20-август күнү эртең менен Түркияга учуп кетет. «Мени узатууну каалагандар аэропортко келишсин. Менимче, жакшы иштештик», — деди ал.