Убактылуу кызматынан четтетилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалган Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кан басымы көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.
«Ал гипертония менен жабыркайт. Кан басымы көтөрүлүп жатат. Бүгүн ал убактылуу кармоочу жайдан чыгып, ооруканада текшерүүдөн өтөт», — деди ал.
Ал ошондой эле райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылганын билдирди. «Бөгөт чарасын кароо 16-июнга белгиленген», — деди ал.
Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага 7 кылмыш иши козголгон. 4-июнда ал кызматынан убактылуу четтетилген. Ошол эле күнү Октябрь райондук сотунда министрдин бөгөт чарасы каралып, 1 айга камакта калтырылган.