Анталияда 5-кабаттан кулаган кыргызстандык жигит ооруканада көз жумду

Буга чейин nүрк ЖМКлары Анталияда 20 жаштагы Кыргыз жигит 6-кабаттан кулап түшкөнүн жазып чыгышкан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, буга чейинки жарыяланган маалыматтарга тактоо киргизди.

Маалыматка караганда, 14-октябрда 2003-жылы туулган Кыргыз жараны Анталияда убактылуу жашап жаткан үйүнүн 5-кабатынан кулап, ооруканага өтө оор абалда түшкөн. Ал ага жасалган операцияларга карабастан бүгүн, 15-октябрда саат 07:00 чамасында көз жумду. Консулдук тарабынан маркумдун жакындарына тиешелүү жардам көрсөтүлөрү айтылды.