Кечээ, 19-майда Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Кулиев көчөсү менен Чүй проспектисине, «Ош базары» соода жана оюн-зоок комплексинин айланасында башаламан сооданы тазалоо иштерин баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.Рейд борбор калаанын башчысы Айбек Жунушалиевдин протоколдук тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.
Рейд узак убакыт бою антисанитардык шарттарда, коомдук көрктөндүрүү эрежелерин жана мыйзамдарын бузуу менен башаламан соода жүргүзүп жаткан аймакты камтыды.
«Соодагерлерге жайларды бошотуу боюнча алдын ала эскертүү берилген. Шаар тургундары жерди өз ыктыяры менен бошотуу үчүн буга чейин бир ай убакыт сурашканы менен алардын кайрылуусунан бери эки айдан ашык убакыт өттү. Тазалоо иштерине карабастан, айрым соодагерлер кайрадан уруксат берилбеген жерде соода кылууга аракет кылышкан. Жеринде Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлдү»,- деп айтылат маалыматта.