«Апа, ал жакта ишим калып калат» дечү». Өзүн жардырып жиберди дешкен Эламан Ураимовду апасы менен жубайы эскерди

Соцтармакта куралдуу кол салууда Тажикстандын аскер кызматкерлерин токтотуу үчүн өзүн граната менен жардырып жиберди деп жатышкан Эламан Ураимов 29 жашта болгон. Анын артында 1 уул, 1 кызы калды.

Апасы Венера Апызованын айтымында, уулу ишин абдан жакшы көрчү. «Өзү каалап жүрүп, аскердин окуусун окуган. Өзүнүн иши дегенде бар жокту таштап койчу. Өргүүдө деле эс алган жок. «Апа, ал жакта ишим калып калат» деп ишин аябай жакшы көрчү», — дейт сыздаган апа.

Ал эми жубайы Аймээрим балдарына эң мыкты ата болгонун айтты. «Балдарына мээримдүү ата эле. Балдарым мага караганда атасын абдан жакшы көрүшчү. «Атамды сагындым, атам качан келет» деп сүйлөшүп турушчу», — дейт жубайы.