"Апа, юбка кийген жаман нерсеби?" Акыйкатчы Абдрахматова кызынын артынан түшкөндөр тууралуу айтты
Балдарды карайлы, бөтөн балдар болбойт. Азыр эле кызым кечээ кечинде аны мектептен үйгө чейин белгисиз адам ээрчип келгенин билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жазып чыкты.
"Жарым жолго чейин ал классташы менен келиптир (адамды байкап калып, чогуу басууну сунуштаган), жарым жолду чуркап келиптир, подъездге кирүүгө үлгүрүптүр. Киши подъездге чейин артынан келиптир. Варшавада жүрүп, Кыргызстандагы досторум аркылуу милицияга арызданууга туура келди. Кызым "апа, мен юбкачан болчумун, юбка кийүү" жаман нерсеби?" деген суроону берди",- деп жазды ал.
Окуя боюнча милиция маалымат бере элек.