«Апам Өзгөндөн болот». Казакстандык блогер Баткенге жардам катары 1 миллион теңге которду

Казакстандык блогер Нурбек Нуртаза үй-бүлөсүнүн атынан Баткенге жардам катары ыктыярчыларга 1 миллион теңге которду.

«Көпчүлүк билгендей, менин апам Ош облусунан болот. Өзгөндүк. Мен кичинемде бир нече жолу баргам. Интернет аркылуу Кыргызстанда эмне болуп жатканын көрдүм», — деп жазды ал.

Ал Инстаграм баракчасына Баткенге жардам катары 1 миллион теңге которгон видеосун бөлүштү. «Менин баракчамда кыргызстандыктар көп. Кыргыздар биздин коңшуларыбыз, боордошторубуз. 21-кылымда мындай болбошу керек деп ойлойм. Менин үй-бүлөм бул учурда материалдык жардам гана көрсөтө алат. Мына бул Кыргызстандын ыктыярчыларынын сайты. Ошол жактагы номурларга мынча акча котором», — деп 1 миллион теңге которду.