Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан жаш кыздын Апрель революциясынын баатырларына арналган эстеликтен түшкөн сүрөтү сындалып жатат. Айрымдар бул жапайычылык экенин айтышса, айрымдары кыздын эстеликтин тарыхын билбегенине таң калышууда.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыз менен байланышканыбызда ал сүрөткө ойлонбой эле түшүп койгонун, ошондой эле эстеликтин эмне үчүн коюлганын да билберин айтты. «Ойлонбой эле түшүп койгом. Эстеликтин эмнеге коюлганын билбейм»,- деди ал.










