Ак-Ордо конушунун тургундары уурулук кылды делген жаранды байлап салганы үчүн кечирим сурашты (видео)

Ак-Ордо конушунун тургундары уурулук кылды делген жаранды байлап салганы үчүн кечирим сурашты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине тургундар видео менен бөлүшүп, жаранды мындан ары туугандары көзөмөлгө аларын убадалашканын билдиришти.

«Биздин аксакалыбыз биздин конушубузда ден соолугуна байланыштуу кошунабыздыкына кирип, телефон, бут кийим уурдаганын баарыбыз көргөнбүз. Туугандарынан сурасак, ооруйт экен. Биз аксакалды кечирели, бизден кетсе, сиз кечириңиз», — дейт видеодо конуштун тургуну.

Жергиликтүү тургунмун делген жаран чоң-алайлыктардан да кечирим сурады.