Abank july
SerepTV Logo

«Арча-Бешик» жаңы конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет

«Арча-Бешик» жаңы конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет
«Бишкек суу канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришкендей, "Арча-Бешик" жаңы конушуна ичүүчү суу белгилүү график боюнча берилет. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
- 15-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин конуштун жогорку бөлүгү;
- 16-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү бөлүгү;
- 17-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин жогорку бөлүгү;
- 18-июнда саат 7:00дөн 23:00гө чейин конуштун төмөнкү бөлүгү жана башка.
Суу ташуучулардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, «Аэропорт» суу алгычынан ичүүчү сууга толтурулат. Ар бир автоцистернада ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөгөн химиялык-бактериологиялык лабораториянын корутундусу бар.
Учурда өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин деңгээлинде "Башкара-Суу" суу алгычынын жанынан төрт жаңы скважинаны бургулоо үчүн жер тилкесин берүү маселеси чечилүүдө. Жаңы скважиналар кошумча ичүүчү суу ресурстарын берет. Бул скважиналарды бир жылдын ичинде бургулап, пайдаланууга беруу пландаштырылган.
SEREP MEDIA