Арча-Бешик конушунун тургундары бууган жол ачылды

Бишкектин Түштүк магистралы боюнча кыймыл калыбына келтирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Бүгүн, 7-июнда саат 17:30 чамасында Шералиев көчөсү жана Түштүк магистралынын кесилишинде 35тей адам чогулуп, алар суунун жоктугунан нааразычылыгын билдирүү менен жолду буушкан. Ал жерге Ленин райондук милициясынын милиция кызматкерлери барышып, митингчилер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, андан соң жол ачылган.

Тургундар чогулган жерге Бишкек мэриясынын жана «Бишкек суу канал» ишканасынын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.