СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жапа чеккен айыл тургундары менен байланышууну улантып жатат. Бүгүн, 1-майда Арка-2 айылынын Нуржан аттуу жашоочусу төмөнкүлөргө токтолду:
“Азыркы учурда абал турукташа элек. Абал турукташты дегени менен андай эмес. Түнү качан басып келе калат деп коркуп жаттык. Үйлөрдү өрттөп, ага саана болгон элдин кан басымы көтөрүлүп, турак-жайсыз калганын уккан кошунабыз жүрөк оорусу кармап каза болду. Бир аз мурда эле кошунам менен сүйлөштүм, биздин үйдүн ылдый тарабында музоолорубуз бар эле, тажиктер аларды атып, үйлөрүбүздү басып алыптыр. Тажиктер үйүбүздөгү буюмдарды алып, үйлөрүбүздү өрттөп жатышат. Мындан ары кантип жашайбыз, малды сойсо союшсун, үйлөрүбүзгө тийишпесе болду, кийин кантип үй салабыз ар жакка барып эптеп салган үйүбүз болсо?! Биздин үй турган жерди ээлеп алышып, биздин территория деп желектерди илип жатышат. Кайниме да ок чыгарышкан экен, машинасына тийиптир.
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караган 4 айыл бар, ошонун биринде жашайбыз. Айылыбызда 13 көчө бар, анын 4 көчөсүн ээлеп алышыптыр, үйүбүздү бербей коёбу деп коркуп жатам. Бизге эч кандай жардам да келген жок. Азык-түлүк жок калды, киши көппүз, 15 бала. Кечээ бирөө келип картошка таштап кеткен, ошондон эптеп тамак жасадык”, — деди ыйламсырап.
Баткендеги абал тууралуу видео, сүрөт же маалыматыңыздар бар болсо, анда 0227 88 83 02 номерине байланышсаңыздар болот.