Бүгүн, 1-марттан тарта Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөөнүн жазгы чакыруусу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 18 жашка чыккан жарандар аскер комиссариаттары менен биргеликте аскердик каттоодон, медициналык кароодон өтүштү.
Аны менен катар өлкөнүн жыйын пункттарында аскерге чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу аземи бекитилген график боюнча жүргүзүлүп, алар андан ары мөөнөттүү кызмат өтөй турган бөлүктөргө жиберилет.
Мындан улам аскерге чакырылган жигиттер Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кошуундарында жана бөлүктөрүндө кызмат өтөшөт.










