Куралдуу күчтөрдүн Советтер Союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институту курсанттарын узатты. Бүгүн, 26-июндагы салтанатта жалпы 85 бүтүрүүчү курсанттыктан офицерликке жетти. Алардын арасынан 6 бүтүрүүчү артыкчылык дипломго ээ болгон.
Жаш офицерлерди коргоо министринин биринчи орун басары, полковник Нурлан Кирешеев куттуктады.











