Кечээ, 14-октябрда социалдык тармактарда Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылында салтанаттуу ачылган сейил бактын абалы талкуу жаратты. Интернет колдонуучулар сейил бакта эч кандай бак-дарак жок экенин, чөп өскөн гана талаа экендигин байкашкан.
Парктын жалпы аянты 3,5 гектарды түзөт. Учурда парктын айланасы тосулган. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Бердибек Молдоев парктын ичин жашылдандырып, жарыктандырып, айыл тургундары келип эс ала тургандай шарт түзүү пландаштырылып жатканын айткан. Бирок каржы жагы толук чечиле элек.
Сейил бакка Кыргыз Республикасынын Эл артисти Калыйбек Тагаевдин ысымы берилген.











