Бүгүн, 16-сентябрда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуялардын бир жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Курман болгондорду эскерүүгө күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери жана Чек ара кызматынын өздүк курамы келди. Митинг-реквием баатыр-чек арачылардын күмбөзүнө гүлчамбар коюу менен башталды. Каза болгон жоокерлерге багыштап куран окулду.
Камчыбек Ташиев эр жүрөк жана тайманбас азаматтарды тарбиялаган ата-энелерге терең ыраазычылык билдирди. «Өз өмүрүн курмандыкка чалып мамлекетибиздин чек арасын коргогон баатыр-чек арачыларга терең таазим. Алардын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болуп саналат. Ар бир эле адам баатыр боло албайт . Ал үчүн тайманбас, эр жүрөк жана мекенди чексиз сүйүү керек», — деди ал.
Бир жыл мурун, 2022-жылдын 16-сентябрында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кагылышууда 51 аскер кызматчылары курман болгон, алардын 42си чек арачылар эле. Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоого өз өмүрүн курмандыкка чалган бардык аскер кызматчыларынын эстутумун түбөлүккө калтыруу максатында төрт чек арачы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жерге берилген.