Ошто адашып жүргөн бала чоң ата, чоң энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
28-июнь күнү саат 23:30 чамасында Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүндө адашып жүргөн жеринен 2014-жылы туулган бала Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилген. 29-июнь күнү анын ата-энеси такталып, бирок азыркы учурда Орусияда эмгектенип жатышкандыгына байланыштуу, ал Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында жашаган чоң эне жана чоң атасына өткөрүп берилген. Мындан сырткары өспүрүм менен маектешүү учурунда, ал психологиялык жактан жабыркагандыгы жана психологдордун жардамына муктаж экендиги аныкталып, ага өз учурунда жардам көрсөтүү максатында, Кара-Суу районунун социалдык өнүгүү башкармалыгына сунуш каты жиберилди.