“Ата Журт-Кыргызстан” партиясына жазуу түрүндөгү эскертүү берилди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Буга чейин интернет айдыңында шаардык кеңештин шайлоосуна катышып жаткан бул партиянын Бишкекте эстрада ырчыларынын коштоосунда концерт өткөрүп жаткан видеосу тараган эле.
“Жеңиш” аянтында «Ата Журт-Кыргызстан» саясий партиясынын эстрада жылдыздарынын катышуусунда массалык концерттик иш-чара өткөрүү фактысы боюнча Бишкек АШКнын чечими менен «Ата Журт-Кыргызстан» саясий партиясына жазуу жүзүндө эскертүү берилди. Анткени бул партия Кыргызстанда шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана жарандардын коопсуздугун жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмин бузган” ,- деп айтылат маалыматта.










