Атай Бейшенбек: «Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдү» башкарып турганда 30 миң доллар айлык алган. Эмнеге муну ачык айтпайбыз?»

«Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдү» башкарып турганда 30 миң доллар айлык алган. Эмнеге муну ачык айтпайбыз?». Бул тууралуу жарандык активист Атай Бейшенбек «Саясий коктейль» берүүсүндө Кумтөрдүн айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу суроого жооп берип жатып билдирди.

«Кыргызстандын атынан «Центеррадагы» директорлордун кеңешине Теңгиз Бөлтүрүктү бекитип бергенбиз. Ал ал жакка барганда купуялуулукту сактайм жана башка деген сыяктуу келишимге кол коюп берген. Ал кайра Кыргызстанга келип, «Кумтөргө» тышкы башкаруучу болуп дайындалганда Теңгиз Бөлтүрүктү «Центерра» сотко берген. Быйылкы жылы 15-февралда Онтарио соту чечим чыгарып, 310 миң долларлык доого жыккан», — деди Атай Бейшенбек.

Жарандык активист маек учурунда Онтарио сотунун соттук териштирүү учурундагы стеннограммасын көрсөттү. «Бөлтүрүк кенди башкарып жатып, 30 миң доллар айлык алып жатат деп жазылып турат. Демек, биз аны жалдап алып келген менеджер катары кабыл алышыбыз керек. Бирок ал «мен патриот элем, кыргызга күйүп келдим» деп нечен жолу маек берди. Эмнеге биз анын айлыгын ачык айтпай жатабыз?» — деди ал.

2021-жылы да Теңгиз Бөлтүрүктүн 30 миң доллардан турган айлыгы тууралуу жергиликтүү басылмаларда жарыяланган. Буга карата «Кумтор Голд Компани» ишканасы жооп берип, анын Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамы жана эл аралык стандарттардын талабына ылайык иштей турганын айтышкан. Так канча айлык алары айтылган эмес.