Атамбаевдин соту: Өкүмдөр жокко чыгарылды

Жогорку Сот бүгүн, 30-ноябрда Батукаевдин иши боюнча райондук жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра кароого биринчи инстанцияга жөнөттү. Соттук отурумда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иште башкы айыпталуучу болгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тараптын доо арызы каралды.

Соттук отурум баш-аягы 4 саатка созулуп, суукка карабай Жогорку Соттун алдында мурдагы президенттин тарапташтары чогулуп, анын бошотулушун талап кылып турушту. Кийин жактоочу угузган чечимди кубануу менен кабыл алышты.

Ушул жылы июнь айында Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча  11 жыл эки айга эркинен ажыраткан. Шаардык сот бул өкүмдү күчүндө калтырган эле.